“Суу ресурстарынын климаттык өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жогорулатуу” долбоору
Долбоордун баяндалышы
1. Долбоордун максаты – инфраструктуранын климаттын өзгөрүүлөрүнө жана табигый кырсыктарга туруктуулугун жакшыртуу, ошондой эле суу коопсуздугу.
2. Долбоор төмөнкүлөрдү камтыйт:
a) Болжол менен 20000 гектар сугат жерлердин өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу үчүн ирригациялык инфраструктураны коргоо жана модернизациялоо, анын ичинде негизги (чарба аралык) каналдарды, экинчи даражадагы (ички чарбалык) каналдарды, ошондой эле тиешелүү инфраструктураны, атап айтканда: селди буруп кетүүчү коргоочу курулмаларды, кайчылаш жөндөгүчтөрдү жана буруп кеткичтерди (перекрестные регуляторы и отводы) жаңыртуу жана куруу;
б) Төмөнкүлөрдү мыктылоо: (i) ирригациялык тутумунун менеджментин, анын ичинде СЧжМД жана СПА үчүн ирригациялык тутумдарын башкаруунун биргелешкен пландарын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу, анда, башка чаралардын арасында – суу берүүнүн графиктери жана ЭжТТны каржылоо жана пландаштыруу киргизилген; ошондой эле, (ii) айыл чарба багытындагы жерлердин менеджментин, анын ичинде ички чарбалык сугарууну башкаруу боюнча жана айыл чарбаны башкаруу боюнча СПАнын пландарын иштеп чыгуу аркылуу, анда, башка чаралардын арасында – сугаруу графиктери, которуштуруп айдоо түзүмдөрү, өсүмдүктөрдү өстүрүү усулдары жана фермерлер менен жамааттардын мүчөлөрү үчүн потенциалын жогорулатуу программаларын өткөрүү киргизилген; жана
в) Табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча потенциалын жакшыртуу, анын ичинде ӨКМдүн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүүнүн Түштүк жана Түндүк борборлорунда профилактикалык жана реабилитациялоо иштери үчүн оор техниканы жана атайын жабдууларды жеткирүү аркылуу; мындай борборлордун активдерин башкарууну жакшыртуу; табигый кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруу боюнча потенциалын жогорулатуу программаларынын өткөрүү, анын ичинде долбоордук пландоо; Кыргызгидрометтин болжол менен 20 участкаларында гидрологиялык постторду орнотуу; ошондой эле маалыматтарды жакшыраак чогултуу жана иштеп чыгуу үчүн маалыматтык тутумду пилоттоо, ошондой эле суу ташкындар жөнүндө эскертүүлөр.
3. Долбоорду аяктоо 2025-жылдын 31-мартында күтүлүүдө.